“Кабар” МАБ: КР мигранттарынын “каза тизмеси. Өзгөрүү барбы?

14:01 10.05.2018
11.730x0.jpg

зыркы учурда чет жакта 800 миңден ашуун Кыргызстандык эмгек мигранттары иштеп жүрүшөт. Алардын көпчүлүгү,тагыраагы, 650 миң кыргызстандык Россияда, 35 миң – Казакстанда жана 30 миңден ашууну – Түркияда иштеп жүрүшөт. Түштүк Кореяда болжол менен 14 миң, ЕБ жана АКШда 20 миңден ашык биздин мекендештер жүрөт.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кириши менен республика мигранттарынын көпчүлүк бөлүгү Биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдө иштөө үчүн жакшы шарттарды алышты. Бирок, ага карабастан ар кандай себептерден улам, Кыргызстандын көптөгөн мигранттары РФнын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” жүрүшөт.

2018-жылдын 1-апрелине карата 72 миң 220 кыргызстандык “кара тизмеде” турат. 2015-жылы анда КРдин 180 миң жараны тизмеде турса, 2017-жылы - 110 миң.

Аталган тизме 2013-жылдын аягында пайда болгон, аз убакыттын аралыгында ага Кыргызстандан барган мигранттардын көпчүлүгү түшүп калган. Ага негизинен Россия Федерациясында жүрүү шарттарын бузгандары боюнча кирип калышат. Жыйынтыгында миграция мыйзамдарын бузгандыктары үчүн эми республиканын көптөгөн жарандары РФ аймагына кире албай жүрүшөт.

КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаевдин айтуусунда, былтыркы жылы Россияда 193 миңге жакын кыргызстандык Евразия экономикалык союзунун аймагында жүрүү эрежелерин бузушкан. КР жарандарына карата былтыр 2 миң 789 кылмыш иши козголгон, алардын 804ү жасалма документтерди жасоого байланыштуу.

“Кыргызстандыктар 505 уурулук жасап, 309 мамлекеттик чек араны бузуу катталган. 10 миң 719га жакын кыргызстандыкка РФнын аймагына кайрадан кирүүгө 3 жылдык мөөнөткө тыюу салынган. Негизги укук бузуу – миграциялык каттоого учурунда турбай коюу”, - деп кошумчалады Асанбаев.

Ошентип, КР мигранттарына негизинен мыйзамдарды билбегендик жана миграциялык каттоого туруудагы эрежелер кыйынчылыктарды жаратууда. Адистердин баамында КР жарандарын эмгек келишими жок жумушка алып жаткан тараптын да жоопкерчилиги маанилүү болуп саналат. Ал жыйынтыгында өлкө жарандарынын РФ Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” каттоодо тургандардын санынын өсүүсүнө алып келет.

“Кара тизмеге” түшүп калуунун себептери

Мигранттардын РФ Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирип калуусунун бир нече себептери бар.

““Кара тизмеге” белгилүү бир берене боюнча түшүп калат деп айтууга болбойт. Бул жерде комплекстүү бузуулар болууда, алар өз кезегинде аталган тизмеге катталып калууга алып келет”,-деп билдирди КР маммиграция кызматынын эмгек миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев.

Анын айтымында, кыргызстандык мигранттардын экиден ашуун мыйзам бузуусу катталган кезде, аларга кирүүгө тыюу салынууда.

Мындай негизги мыйзам бузуулар: жүрүү режимин бузуу, башкача айтканда мигранттардын барган жери менен жашаган жери бир болбойт. Бул Россиянын мыйзамдарына ылайык, бузуу болуп саналат. Башка категория – жол эрежесин бузгандагы айыпты төлөбөгөндүк, коомдук жайларда чылым чегүү, коомдук тартипти бузуу, полиция органдарына түшүп калууга түрткү берген жана башка майда мыйзам бузуулар.

“Алар сиздин укуктук мыйзам бузуу тарыхыңызды карап, анын негизинде административдик чыгаруу менен коштолгон өлкөгө кирүүгө тыюу салынат”,-деп билдирди ал.

Улан Шамшиев кошумчалагандай, “кара тизмеге” негизинен өлкөдө жүрүүдөгү мөөнөтүн бузгандагы жана административдик укук бузуулар (2ден ашуун айып ж.б.у.с.) боюнча түшүшөт.

РФ ФМКдагы “кара тизме” маселесин кантип чечүүгө болот?

Мигранттардын жүрүү боюнча акыркы чечими РФ бийлигинин кароосунда болгондуктан, кыргыз тарап ал процесске эч кандай таасир эте албайт.

Бирок, ошол эле мезгилде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төрт категориядагы жарандарга “кара тизмеден” чыгууга көмөк көрсөтө алат.

Шамшиевдин айтуусунда, биринчи категория – бул РФнын медициналык мекемелеринде тез аранын ичинде дарыгерлердин жардамына муктаж болгон жарандар. “Тиешелүү документтер болгон кезде – диагноз, анализдер, дарыгерлердин багыттамасы ж.б. Мамкызмат РФ аймагынан чыгууга жардам берет”,-деп билдирди ал.

Экинчи категория – бул РФ аймагындагы жогорку окуу мекемелеринде такай билим алган ЖОЖдордун студенттери. “Үчүнчү категория – бул РФ аймагында жакын туугандары бар жарандар. Башкача айтканда, РФга туугандары менен биригүү максатында бара жаткан адамдар”,-деп билдирди ал.

Андан тышкары, Мамлекеттик миграция кызматы көмөк көрсөтө турган көптөгөн жарандардын категориясы бар. Ал категорияга өзүнүн укуктук статусун далилдей алган мигранттар кирет.

“Башкача айтканда алар негизинен мыйзам бузушкан эмес, механикалык катачылыктардан же болбосо соттун чечимин туура эмес кароодон улам кирүүгө тыюу салынгандар. Башкача айтканда, сот административдик чыгуусу жок эле айып түрүндө административдик жаза коюушу мүмкүн, ал эми соттун чечими Ички миграция башкармалыгы органына жөнөтүлгөн кезде алар соттук чечимин кирүүгө тыюу салуу менен административдик чыгаруу катары кабыл алышкан. Эгерде ушундай адамдардын соттук чечими бар болсо, биз анын көчүрмөсүн РФнын тиешелүү органдарына жөнөтөбүз, алар кийин акырындык менен “кара тизмеден” чыгарылат”,-деп баса белгиледи Шамшиев.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү мезгилинде “кара тизмеге” түшүп калууга мүмкүнбү?

Россия аймагында чет элдик жарандарды миграциялык каттоого коюу шарттары өзгөргөндүгүнө байланыштуу,FIFA 2017-жылдын конфедерациялык Кубогун жана футбол боюнча FIFA 2018 дүйнө чемпионатын өткөрүү мезгилинде чет элдик жарандар Россияга келгенден тарта биринчи 7 жумушчу күндүн ичинде турган жерине убактылуу катоодон өтүү керек ( эгерде сапар жумуш боюнча болсо, анда, уюмга). РФ президенти В.Путиндин Жарлыгына ылайык, чет элдик жарандар эми 25-майдан 25-июлга чейин бир күндүн ичинде каттоодон өтүүлөрү керек.

Ага байланыштуу, коомдо мындай кырдаалда кандай кылуу керек деген суроолор пайда болууда?

Бул жагдай тууралуу КР маммиграция кызматынын эмгек миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев билдиргендей, бул суроого байланыштуу КРнын РФдагы элчилигинде ыкчам штаб түзүлгөн, ага КР мирация боюнча Мамкызматтын кызматкерлери да киргизилген. “Өлкөгө кирүү чектелет, башкача айтканда алардын буга чейинки укук бузуулары каралат. Футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү мезгилинде спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн шаарларда каттоого туруу үчүн мигранттардын бир күндүк убактысы бар”,-деп түшүндүрдү Шамшиев.

Мындай чаралар бир гана чет элдик жарандар үчүн гана эмес КР жарандары үчүн дагы. “Башкача айтканда, бул бардыгына тийиштүү болгон коопсуздук чаралары”,-деп билдирди ал.

Шамшиевдин айтуусунда бул жерде РФ аймагына киргенден тарта 30 күн өткөндөн кийинки каттоого туруу тууралуу эмес, РФ аймагына кирип чыкты деген баштапкы билдирүү тууралуу кеп болуп жатат. “Россиянын каттоо системасында каттоого тургузуунун эки жараяны бар: биринчиси – бул билдирме жана экинчиси – миграциялык каттоого тургузуу”,-деп билдирди Шамшиев.

Анын айтуусунда, болжолдуу билдирүү тууралуу милдеттеме кабыл алуучу тарапка жүктөлөт. “Башкача айтканда, эгерде мен мейманкага катары чет элдик жаранды кабыл алсам, анда бир күндүн кабыл алуу үчүн билдирме толтуруп, өзүмдүн юридикалык мөөрүмдү коюп, электрондук түрдө почта аркылуу миграция маселеси боюнча Башкы башкармалык органдарына жөнөтөм. Бүттү, мына ушунун бардыгы алгачкы каттоого туруу жараяны”,-деп билдирди Шамшиев.

Анын айтымында каттоону узартуу бул башка процесс жана аны өзгөртүүгө болбойт. “Башкача айтканда, бул жерде чет элдик жарандын келгендиги тууралуу билдирүү керек, бул баштапкы каттоо болуп саналат», - деди КР Мамлекеттик миграция кызматынын эмгек миграциясы бөлүмүнүн башчысы.

Ошентип, РФ Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” акырындык менен Кыргызстан жарандарынын саны азаят деп айтса болот, бул жаатта Кыргызстандын тиешелүү органдары бардык иш-аракеттерди кылып жатат. Кийинки жараянды жарандар өздөрү жасашы керек болот. Россияга бараардын алдында “кара тизмеде” алардын ысымы жок экендигин тастыктап, РФдагы биринчи каттоого туруу жана андан кийинки иш-чаралар тууралуу билип алуу керек болот.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика