Качып жүргөн айдоочу өзү келип милицияга көрсөтмө берди

16:08 19.05.2017

Качып жүргөн айдоочу өзү келип милицияга көрсөтмө берди. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


123.jpg


Маалыматка ылайык, кечээ кечинде аялды койдуруп кеткен жарандын унаасы табылган. Унаа айдоочуга эмес, анын тууганына таандык болуп чыккан. Тиешелүү документтер толтурулган соң, унаа айып төлөөчү жайга жеткирилген. Бирок айдоочусун табуу мүмкүн болгон эмес. Ал Ак-Босого жаңы конушунда туугандарыныкына жашачу, бирок ошол күнү үйүнө келген эмес.

"Бүгүн эртең менен 1987-жылы туулган Элмирбек аттуу жаран милицияга кайрылып, күнөөсүн толук мойнуна алды. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат",- дейт басма сөз кызматкери Нурбек Токтосунов.

Эскерте кетсек, 14- майда Бишкек-Торугарт жолунун 83-чакырымынан айдоочу 1983-жылы туулган Ысык-Кол облусунун тургунун койдуруп кеткен. Аял аймактык ооруканада өзүнө келе албай жатып каза болгон.


Теги: Коомчулук, Окуялар

Яндекс.Метрика