Каржылык мыйзам бузуу боюнча Транспорт министрлиги алдыда

14:15 11.06.2018
Screenshot_2.png


Балыкчы-Корумду жолу. 28-июнь, 2016-жыл.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде отчет берип жаткан Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, министрликтин 2016-жылдагы бюджети текшерилгенде 257 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Бул жалпы каржылык мыйзам бузуунун 20 пайызын түзөт.

Эсеп палатасынын буга чейин билдиргени боюнча каржылык мыйзам бузуунун басымдуу бөлүгү жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасын ашыра көрсөтүү менен байланыштуу.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул дооматтарды четке кагып, соттошорун эскерткен болчу. Былтыр Транспорт жана жолдор министрлиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат менен да коррупция тууралуу дооматтын айынан кайым айтышкан.

Эсеп палатасынын маалыматына караганда, каржылык мыйзам бузуу жагынан андан кийинки орунда 246 млн. сом менен Бишкек мэриясы турат. 108 млн. сомдук каржылык мыйзам бузганы белгиленген Мамлекеттик бажы кызматы үчүнчү орунда.

Тег: Мыйзам

Яндекс.Метрика