Казак-өзбек чек арасында кошумча өткөрмө бекеттер ачылат

13:00 14.02.2018
6021ca09-e844-4ddc-bd79-d2c7810037cd_w1023_r1_s.730x0.jpg

Казак-өзбек чек арасында кошумча өткөрмө бекеттер ачылат. Чек арадан өткөн товарлардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан кол коюлган келишимдеги милдеттерди аткаруу үчүн үч өткөрмө бекеттеги бажы кызматын күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү пландалууда.

«Аны менен катар болжол менен 124 киши иштей турган «Сырдарыя» жана «Целинный» деген эки жаңы өткөрмө бекет ачылат», — деди Султанов өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып.

Андан тышкары министр башка бир катар өткөрмө бекеттердеги кызматкерлердин санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика