Казакстанда болгон жол кырсыгынан Өзбекстандын алты жараны каза болду

10:06 02.03.2018
Screenshot_4.png

 Алдын ала маалыматка ылайык, Казакстанда болгон жол кырсыгынан Өзбекстандын алты жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 1-мартында болжол менен саат 06:00 чамасында Казакстандын Мангистау облусунун Мангистау районундагы Шетпе айылындагы “Актау-Бейнеу” жолунда “LADA Largus” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Актау-Бейнеу каттамы боюнча бара жаткан “Shacman” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Кырсыктын натыйжасында унаадан өрт чыккан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 7 адам каза болду, алардын алтоо Өзбекстан Республикасынын жарандары.

Аталган факты боюнча иликтөө амалдары жүрүүдө, каза болгондордун өздүгү такталууда.

Теги: Орто Азия, Окуялар

Яндекс.Метрика