“Кентавр” кыргыз тасмасы Францияда көрсөтүлө баштайт

17:00 27.01.2018
Screenshot_11.png

 Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасын Франциядагы кино тетарлардан көрсөтүшөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы киноматограция департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тасма 2018-жылдын 31-январында чоң экрандарга чыгат. Тасма дээрлик Франциянын 30дан ашуун кино театрында коюлмакчы. Кийинчерээк тасманы DVD форматында да чыгаруу пландалууда.

Маалыматка ылайык, Актан Арым Кубат өзү франциялык кино сүйүүчүлөргө 22-26-январь аралыгында тасманын бет ачаарын өткөрүп келет.

«Кентавр» - бул Кудайды издөө жана элинин каада-салтын сактоо үчүн айыгыша күрөшкөн адам тууралуу тасма. Бул ат адамдын канатына айланган адам менен аттын ортосундагы метафизикалык байланыш жөнүндө сага.

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика