“Кентавр” кыргыз тасмасын Бельгия жана Нидерландыда көрсөтө башташты

09:00 26.03.2018
1030899425_730x0.730x0.jpg

“Кентавр” тасмасын Бельгия жана Нидерландыда чоң экрандарда көрсөтө башташты. Бул тууралуу кыргыз киносунун расмий сайтында маалымдалат.

20нан 24-мартка чейин “Кентавр” тасмасын Актан Арым Кубат Бельгия жана Нидерландыдагы көрүүчүлөргө Тюрнхаут жана Амстердамда тасма жүгүртүүгө чыкканга чейин көрсөтүп келген.

Эске сала кетсек, 17-мартта “Кентавр” тасмасын Японияда көрсөтө башташкан.

"Кентавр" - өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына аракет кылган адам тууралуу тасма.

Теги: Маданият, Кино

Яндекс.Метрика