Хейли: Түндүк Корея агрессиясын токтотпосо толук жок кылынат

14:08 30.11.2017
2017-11-30_16-17-57.png

АКШнын Улуттар Уюмунун элчиси Никки Хейли.

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Кошмо Штаттар Түндүк Корея менен согушту каалабай турганын, бирок Пхеньян "улантып жаткан агрессия актылары" согушка алып келсе, "режим толук жок кылынарын" эскертти.

Бул тууралуу Хейли 29-ноябрда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

"Кечээ Түндүк Кореянын диктатору бизди согуштан алыстатпастан, тескерисинче ага жакындаткан чечим кабыл алды", - деген Хейли Түндүк Кореянын соңку сыноосунан кийин бардык мамлекеттер Пхеньян менен байланыштарын үзүшү керек экенин айтты. Ал Түндүк Кореянын эң ири соода өнөктөшү катары саналган Кытайды Пхеньянга мунай жеткирүүнү токтотууга чакырды.

АКШ менен Франция Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү талап кылышты. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп "Пхеньяндын чагымчыл аракеттери" тууралуу Кытайдын президенти Си Цзинпин менен сүйлөшкөнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды. Мындан тышкары, Трамп бүгүн "Түндүк Корепяга каршы кошумча чектөөлөр киргизилерин жана бул кырдаал чечилерин" убада кылды.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кытай менен Орусия эки тарапты сабырдуулукка чакырды.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси АКШ менен Түштүк Корея декабрга боолголонгон аскердик машыгуулардан баш тартып, чыңалууну токтотууга жардам бериши керек экенин айтты.

29-ноябрдын таңында Түндүк Корея АКШга жете турган континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын жар салган. Расмий маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт менен таңга маал учурулган континент аралык ракета 4475 чакырым бийиктикке көтөрүлө алган. Ракета 53 мүнөттө миң чакырымдай аралыкты басып өтүп, Жапон деңизине түшкөн.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика