Хоккей: Кыргызстан дүйнө чемпионатынын квалификациялык турунда кимдер менен ойнойт?

15:27 31.01.2019
Screenshot_5.png

 Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнө чемпиондугунун квалификациялык баскычында ойноого даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Бириккен Араб Эмирлигинде (БАЭ) 31-мартта башталып, 6-апрелде аяктайт.

2020-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү дивизионунда "А" тайпасында ойноо үчүн биздин команда Бириккен Араб Эмираты, Кувейт, Таиланд, Босния-Герцеговина жана Гонконг менен беттештерди өткөрөт.

Эскерте кетсек, КРнын хоккей курамасын дүйнө биринчилигине өткөрүү боюнча чечим муз үстүндөгү Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) 2018-жылдын 18-май айында Копенгагенде өткөн жылдык конгрессинде кабыл алынган.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика