Киевде «Евровидение – 2017» аткаруучулар сынагына 15 мүнөттө 3 миң билет сатылды

10:33 16.02.2017

Киевде «Евровидение – 2017» аткаруучулар сынагына 15 мүнөттө 3 миң билет сатылды.


26477.jpg


Ал эми сайтта кезекке тургандардын саны 11 миңге чейин жетти.

Билет баасы сынактын этаптарына жана орунга жараша 8 евродон 500 еврого чейин турат.

Украина «Евровидение» ыр сынагын өткөрүү укугун ырчысы Жамала былтыр жеңүүчү болгондон кийин алган.

Иш-чара 9-майдан 13-майга чейин Киевде өтөт.


Теги: Маданият, Музыка, Сахна


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика