Өкмөт башчы спортчуларды сыйлайт

09:03 21.12.2017
2017-12-21_13-02-52.png

Олимпиадалык комплекстин сыртынан көрүнүшү. Ашхабад. 27.09.2017-ж.

Премьер-министр Сапар Исаков Түркмөнстанда өткөн 5-Азия оюндарында ийгиликке жетишкен спортчуларга, машыктыруучуларга жана спорттук федерациялардын өкүлдөрүнө сыйлык тапшырат.

Сыйлык тапшыруу аземи 21-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан маалымдашты.

Быйыл күзүндө Түркмөнстанда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында Кыргызстандын командасы 70 байге менен 8-орунду ээлеген. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло. Спортчулар жеңишти түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, алыш, пахлавани, ат спорту, тай боксу, бильярд, жеңил атлетика, кикбокс, самбо, спорттук бий, жиу-житсу, эркин күрөш жана грек-рим күрөшүнөн камсыздашты.

Мелдешке Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спортчу катышкан.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика