КМШ мамлекет башчыларынын кийинки саммити Тажикстанда өтөт

11:00 12.10.2017
н4.png
КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери. 11-октябрь, 2017-жыл

КМШ мамлекет башчыларынын кийинки саммити 2018-жылы октябрда Душанбеде өтөт. Бул тууралуу 11-октябрда КМШга мүчө мамлекет башчыларынын Орусиянын Сочи шаарындагы саммитинде белгилүү болду.

Жыйынды ачып жатып Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрү өз ара пайдалуу болгон жаңы ири долбоорлорду баштоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин билдирди.

Жыйынтыгында КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши кирешелердин изин жашыруу, террорчулукту каржылоо, жемкорлукка каршы күрөшүү тармагында кызматташуу концепциясын бекитти. Мындан тышкары ондон ашык документке кол коюлду. КМШ өлкө башчыларынын кийинки саммити 2018-жылы октябрда Тажикстандын борбору Душанбеде өтөрү айтылды.

Кыргызстандын атынан саммитке премьер-министр Сапар Исаков катышты. 

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика