Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат берилет

09:42 31.05.2018
Screenshot_1.png

Дамир Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин аткарылышы боюнча кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев коомчулукка маалымат берет.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч, көзөмөл органдарындагы коррупция талкууланган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл системасынын кызматкерлерин "адилеттүүлүктү камсыз кылбай, өздөрүндөгү коррупцияга туруштук бере албай жатышат" деп сындаган.

Кеңештин чечимдеринин алкагында бир катар күч кызматтарынын жетекчилери, соттор алмашып, коррупцияга шектелген мамлекеттик кызматкерлер камакка алынган, айрымдарына кылмыш иши козголгон.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика