КР аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

09:05 04.04.2018
14992020446536959419_1000x669.730x0.jpg

 КР сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 3-апрелде саат 14:14тө Кытай мамлекетинин аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4 балл, Сопу-Коргон, Сары-Таш, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Жар, Кан-Коргон, Чычырканак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика