КР баскетболчулары Кытайдагы Азия кубогуна катышат

10:00 27.04.2018
34080_730x0.730x0.jpg

Кыргызстандык баскетболчулар Кытайда өтө турган Азия кубогуна катышат,-деп билдирет Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.

Кубок 27-апрелден 2-майга чейин Шэньчжеэнь шаарында өтөт.

Аталган турнирге Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар барат: Шакиржан Куранбаев, Евгений Пехов, Нуртай Субанбеков жана Дмитрий Данышин.

Спортчулар спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциянын эсебинен барат. Ал үчүн дирекциянын бюджетинен 283 миң сом каралган.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика