КР дзюдочулары Грузияда өтө турган турнирге катышат

09:02 30.03.2018
bc772e03053ac878655534f539666623_730x0.730x0.jpg

Кыргызстандык дзюдочулар Грузияда өтө турган Гран-при сериясындагы турнирине катышат.

Tbilisi Grand Prix 2018 турнири бүгүн, 30-мартта Тблиси шаарында башталып 1-апрелге чейин уланат. Мелдешке 38 өлкөдөн келген 302 дзюдочу катышат.

Кыргызстандын атынан барган спортчулар: Отар Бестаев (60 кг чейин), Айдин Мухтаров (66 кг чейин), Адилет Ганиев (77 кг чейин) жана Владимир Золоев (81 кг чейин). КР улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юсупов.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика