КР менен Азербайжандын ТИМ башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

14:09 30.05.2018
mg_4519_730x0.730x0.jpg

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Азербайжандын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы ар кандай деңгээлдеги күтүлүп жаткан жолугушуулар тууралуу кеп кылышты.

Тараптар келечекте саясий, соода-экономика жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика