КР менен РФнын ИИМ башчылары жолугушту

11:24 12.11.2018
Screenshot_1.png

 КРнын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Россия Федерациясына иш-сапары менен барды. Иш-сапардын алкагында министр РФнын ИИМ башчысы Владимир Колокольцев менен жолукту, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

“Тараптар мурда эки мамлекет башчылары тарабынан макулдашылган кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашырууну талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, эки министрликтин ортосундагы 2007-жылдын 16-июнунда “Кызматташуу боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” протоколуна кол коюлган. Ага ылайык, аталган эки мекеме өкүлдөрүнүн Россия жана Кыргызстан аймагында укуктук макамы бекемделет.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика