КР Президенти Александр Масляковду «Достук» ордени менен сыйлады

15:00 22.11.2017
Screenshot_10.png

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн КВН эл аралык союзунун президенти, КВН телепрограммасынын алып баруучусу жана жетекчиси Александр Васильевич Масляков «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди
Теги: Президент, Маданият

Яндекс.Метрика