КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтырды

14:00 29.05.2018
8958a92b-32b5-4620-b0c1-dfac1ca22155_jpg_850x445_q82_crop_730x0.730x0.jpg

 Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 25 базистик пунктка 4,75 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, аталган чечим үстүбүздөгү жылдын 29-майында күчүнө кирди.

“Кыргызстанда инфиляция төмөн деңгээлде чектелип турууда. 2018-жылдын май айынын ичинде инфиляциянын жылдык мааниси жыл башындагы 3,7 пайыздан төмөндөп отуруп, 1,6 пайызды түзгөн. Баанын төмөндөшү товарлардын азык-түлүк тобу боюнча жүрүүдө, бул эл аралык азык-түлүк рыногунда алгылыктуу жагдайдын сакталышы менен шартталган. Азык-түлүккө, анын ичинде импорттолуп алынгандарга баанын туруктуу сакталышы менен катар эле, ички суроо-талаптын учурунда калыбына келип жатышы орто мөөнөттүк мезгил ичинде баанын акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүндө – 5-7 пайыз чегинде сакталарына өбөлгө түзөт”,-деп билдирди ал.

Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика