КР вице-премьер-министрлери ортосундагы милдеттенмелер бөлүштүрүлдү

12:00 24.04.2018
Screenshot_6.png

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана өлкөнүн административдик ведомство жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери жоопкер болгон негизги багыттарды белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Тактап айтканда, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин координациялайт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелерине жоопкерчилик алат.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика