КР жарандыгына 342 адам кошулуп, 423 адам жарандыктан чыгарылды

12:00 13.06.2018
dst_4001_1_730x0_730x0.730x0.jpg

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы 423 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 342 адамды кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар

Тег: Президент

Яндекс.Метрика