КРда энергиянын кайра жаралуучу жана энергия үнөмдөө чөйрөсүндө заманбап технологияларды ишке киргизүү долбоору иштеп баштады

10:00 16.07.2018
ijmo.jpg

 КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети азыркы учурда Азия өнүктүрүү банкы менен биргиликте КРнын энергиянын кайра жаралуучу жана энергия үнөмдөө чөйрөсүндө заманбап технологияларды ишке киргизүү долбоорун ишке ашырып жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда кубаттуулугу 300 Вт болгон көз карандысыз электр менен камсыздоочу комплектилер жана тиричилик техникалары (күн нурун электр энергиясына айланткан батареялар, сыналгы, муздаткыч/тоңдургуч жана LED лампалары/чырактары) орнотулууда.

Талдоо жана пикир бөлүшүүлөрдүн негизинде бул жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске алуу менен, комитет Нарын облусунун Жумгал районунун Кен-Суу жана бир нече башка айылдарды электрлештирүү тизмегине сунуш кылды. Тоолуу аймактардын татаал рельефи жана жолдордун жоктугу айылдарды электрлештирүүгө тоскоолдук жаратты.
Азыркы учурда комитет “Улуттук ходинг компаниясы” ААК жана Азия өнүктүрүү банкынын консультанттары менен биргеликте Нарын облусунун Жумгал районунун Кең-Суу айылында жогоруда айтылган комплектилердин 15 бирдиги орнотулган. Эгерде бул доолбор ийигиликтүү ишке ашырылса, комитет Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте мындай көз карандысыз электр энергисы менен камсыз кылуу түзүлүштөрүн өлкөнүн баардык электр энергияга туташпаган аймактарына орнотуу маселеси талкууланат.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика