КРдин үч мушкери панкратион боюнча чемпионатта жеңишке жетти

17:00 16.04.2018
Screenshot_12.png

 Кыргызстандык үч мушкер Түштүк-Сахалинде заманбап панкратион боюнча өткөн чемпионатта жеңишке жетишкен. Бул тууралуу sakhalin.infoсайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, 14-апрелде Түштүк-Сахалиндн MFP-219 заманбап панкратион боюнча мелдеш өткөн. Анда өз күчтөрүн көрсөткөн эң күчтүү 18 спортчу катышкан.

Кыргызстандык Билсинбек Сыймык, Эрнис Келдибеков жана Музаффар Юнусовдор жеңишке жетишкен.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика