“Кумтөр” долбоорунун оош-кыйышы талкууланат

11:22 17.07.2018
Screenshot_6.png

Кумтөр.

Бишкекте 17-июлда "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланат. Аны аймактык эксперттерден турган “Пикир” клубу уюштуруп жатат. Клубдун мүчөсү Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, анда тоо-кен тармагындагы көйгөйлөр, Кумтөр келишиминин оош-кыйышы, пайдасы жана зыяны, экологияга тийгизген таасири талкууланат.

14-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча соңку келишимде өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген. Ал канадалык компаниянын жетекчиси менен жолукканын, анда 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимди жакшыртуу жөнүндө ойлор айтылганын кошумчалаган. Мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек.

Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимди карап жатканын ЖК спикери Дастанбек Жумабеков парламенттин IV сессиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирген. Ал мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда, 2017-жылы күздө Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен түзүлгөн макулдашуу кайра каралып жатканын айткан.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика