Кыргызстан өлкөдөн чыккан алтынды жаңы мыйзам долбоору менен кайтарууну пландоодо

10:42 23.11.2018
Screenshot_1.png

 Курамында алтын бар концентратты сыртка алып чыгууга көзөмөлдү күчөтүү жана алдыда алтынды кайра иштетүү боюнча жергиликтүү ишкананы ачуу – мындай максатты Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан иштелип чыккан жаңы мыйзам долбоору алдына коюуда.

Бул жөнүндө кененирээк экономика министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун мүчөлөрү “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин айтымында, өлкөнүн Салык кодексинин 221-беренесине сунушталган өзгөртүүлөр жер казынасын пайдаланууга салык төлөөнү жакшыртууну карайт.

“Бул өзгөрүүлөр кирешелерге болгон салыктын төлөмдөрүнө байланыштуу жана аны эки категорияга бөлөт – курамында алтын бар кендер жана концентраттар үчүн өзүнчө жана ”алтын эритмеси, аффинацияланган алтын үчүн өзүнчө. Салык үчүн баа алтындын баасына жараша 11 топко бөлүнгөн жана ал 1 пайыздан 20 пайызга чейин орнотулган. Кирешелерге болгон чендердин өзгөрүшү алтын камтыган кендерге жана концентраттарга болгон чендерди 3 пайызга жогорулашын карайт”, - деди ал.

Ал мындай кадам курамында алтын бар кендер жана концентраттар Кыргызстандан негизинен башка өлкөлөрдө кайра иштетүү үчүн сырьё катары чыгарыларына байланыштуу экенин айтты. Айдаралиев белгилегендей, кайра иштетилген алтын кайра артка кайтпайт.

“Сырьёну сатууда кошулган баа азыраак. Биздин максатыбыз биздин алтындын ушул жерде кайра иштетилиши. Башынан эле ушундай максат менен бажы төлөмдөрүнө болгон салыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам даярдалган. Бирок биз муну колдоно албайбыз, себеби биздеги алтындын бөлүгү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагында ишке ашырылат”, - деди экономика министрлигинин өкүлү.

Буга байланыштуу курамында алтын бар кендерди жана концентраттарды иштетүүдөн түшкөн кирешеге чендерди жогорулатуу сыртка чыгарылган сырьёну Кыргызстанга кайтаруунун факторлорунун бири болуп калышы мүмкүн жана алдыда өлкөдөгү алтынды кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына себеп болушу мүмкүн.

“Биздин алтын Кыргызстандан сыртка чыгып, дүйнөлүк баа менен сатылат. Зергерлерибиз алтынды башка өлкөлөрдөн сатып алышат, алардын салыгын да ошол жактан төлөшөт. Ошентип алтын алар үчүн аябай кымбат болуп калат”, - деди Айдаралиев.

Ал сунушталып жаткан долбоор фискалдык саясатка эмес, төмөндөгүлөргө басым жасай тургандыгын билдирди:

- Курамында алтын бар кендерди жана концентраттарды сыртка чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү;

- Алтынды кайра иштетүүчү фабриканын курулушу үчүн стимул жаратуу;

- Алтындагы ички камсыздандырылгандыкты жогорулатуу.

Долбоор иштелип чыгып, макулдашылып, коомдук талкууга коюлду. Бүгүн ал өкмөттө жана тиешелүү процедуралар жана экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Кийин үч окууда каралат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын пайдалануу боюнча саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Кыдырмаев учурда мыйзам долбоору эксперттик баа берүү үчүн өкмөттө экенин кошумчалады. Кийин ал Жогорку Кеңеште үч окууда каралат.

Бул мыйзамды кабыл алганда ал курамында алтын бар кендерди жана концентраттарды чыгарган 7 компанияга тиешелүү болот. Былтыр алардын сырьё чыгаруунун жалпы көлөмү 53 тоннаны түзгөн. Мыйзам “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүнө тиешеси жок болот. Себеби аталган ишкана эл аралык макулдашуу боюнча иштейт.

Тег: Экономика

Яндекс.Метрика