Кыргызстан менен Катар медиа чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашты

11:51 18.01.2019
Screenshot_3.png

 Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев Доха шаарында Катар өкмөтүнүн байланыш боюнча кеңсесинин директору шейх Сейф бин Ахмед Аль-Тани менен жолугушкан.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Ниязалиев республикадагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши тууралуу айтып берген. Андан тышкары сөз эркиндигин күчөтүүгө багытталган шарттар тууралуу да баяндаган.

Ниязалиев Кыргызстандын ири ЖМКнын жетекчилеринин Катарга таанышуу сапарын уюштуруу боюнча сунуш киргизген.

Жолугушуунун жыйынтыгында масс медиа жана коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышкан.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика