Кыргызстан менен Кытай чек арасы убактылуу жабылат

10:00 01.02.2019
Screenshot_1.png

 Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 2-февралдан 10-февралга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен улуттук "Жаз" (Жаңы жыл) майрамына байланыштуу жабылып жатат.

Жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 11-февралда кайра жанданат.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика