Кыргызстан менен Кытай саламаттыктыкты сактоо жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрөт

16:01 04.04.2018
Screenshot_10.png

 Кыргызстан биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бейжин шаарында Кытай Эл Республикасынын гигиена жана саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин төрагасы Ма Сяовэй менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр кыргыз өкмөтү эки тараптык кызматташтыкты улантууга ниеттенип жатканын белгилеп, салттуу кытай медицинасы, медициналык туризм жана илимий изилдөөлөр жаатында өз ара иштешүү маселелерин айтып өттү.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында эки тараптык мамилелердин активдешип жатканы байкалууда. Кызматташтыктын алкагында тараптар долбоорду ишке ашырып жатат, ага ылайык 2018-жылы Ош шаарында тийиштүү жана заманбап жабдуулары менен жабдылган оорукана комплексинин курулушу аяктайт.

Кыргызстан Кытайга биргелешкен аракеттер менен Ысык-Көлдүн жээгинде дарылоочу-дарт аныктоочу борбор куруу боюнча дагы бир долбоорду ишке ашырууну сунуштайт. Аны менен катар медициналык технологиялар жаатында квалификацияны жогорулатуу үчүн эки өлкөнүн адистери ортосунда визит уюштуруунун жөнү бар», - деп кошмчалады Аскарбек Шадиев.

Өз кезегинде Кытайдын гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ма Сяовэй саламаттык сактоо тармагы эки тараптык кызматташтын маанилүү бөлүгү болуп саналарын белгиледи.

«Биз кыргыз тараптын Ысык-Көл жээгинде медициналык мекеме куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу сунуштарын карап чыгууга даярбыз. Аны менен бирге биз медициналык туризм, салттуу кытай медицинасы, дистанциялык түрдө диагнозун белгилөө, дарылоо жаатында кызматташуу биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн алгылыктуу перспектива болуп эсептелгендигин эске алуу менен, бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниетибиз бар», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты коргоо, ошондой эле эки мамлекет ортосундагы буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу келечектери тууралуу талкуулашты.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика