Кыргызстан менен Өзбекстан жаңы чек ара көзөмөл жайларын ачышы мүмкүн

11:03 09.05.2018
flagi_kr_ruz_730x0.730x0.jpg

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактарда жаңы чек ара көзөмөл-өткөрмө жайларын ачышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Бул маселелер Жалал-Абад (Кыргызстан) шаарында 2-8-май күндөрү өткөн кезектеги эки тараптуу жолугушууда талкууланган. Анда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин карашкан.

“Эки мамлекет чектешкен аймактарда жашаган тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы көзөмөл-өткөрмө жайларын ачуу маселеси да талкууланды”,-деп айтылат маалыматта.

Теги: Иштешуу, Орто Азия

Яндекс.Метрика