Кыргызстан өпкө оорусунан өлгөндөр боюнча дүйнөдө 1-орунда турат
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстан дем алуу органдарынын оорусунан каза тапкандар боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу 28-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульманологу Талантбек Сооронбаев эл аралык медициналык конгерссте билдирди.
“Кыргызстанда эл «өнөкөт бронхит» деп атаган өпкөнүн өнөкөт оорусу эң башкы көйгөй болуп саналат. Көйгөйдү ооруну өтө кеч оорлошуп кеткенде аныктоо күчөтөт, анда дарылоо кыйындап, колдонулуп келген дарылар жана ыкмалар жардам бербей калат», - дейт Т. Сооронбаев.
Талантбек Сооронбаев билдиргендей, конгрессте өпкө ооруларын эрте аныктоонун жаңы электрондук технологиясы талкууланат. Учурда электрондук интернет-технологиялар колдонууга киргизиле баштады. Бул ооруларды эрте аныктоого жана дарылоого жардам бермекчи.