Кыргызстанда А гепатитине чалдыгуу көрсөткүчү төмөндөп баштады

11:33 20.09.2017

Screenshot_1.png


Кыргызстанда А гепатитине чалдыгуу көрсөткүчү төмөндөп баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан тарта ак халатчандарга 3,5 миңдей адам кайрылды.

Бул 2016-жылга салыштырмалуу 1,5 миң учурга аз. Статистика боюнча, А гепатити менен ооругандардын басымдуусу Баткен жана Ош облустарына туура келет. Алардын  83 пайызын эле жаш балдар түзөт. Бул дартка кабылбаш үчүн дарыгерлер өздүк гигиенага жакшылап көңүл бөлүүнү сактоону сунуштайт.


Тег: Медицина

Яндекс.Метрика