Кыргызстанда Беларус киносунун күндөрү башталды

09:00 21.05.2018
DB29D0A7-C497-4FD2-B6D2-908DAA7093F6_w1023_r1_s.jpg

Кыргызстанда, Бишкек шаарында Беларус киносунун күндөрү башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын маалымат, туризм жана маданият министрлигинен кабарлашты.

Үч күнгө улана турган иш-чара Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болот. Саамалык “Анастасия Слуцкая” аттуу тасма менен ачылат.

Эртең, 22-майда “Суудагы издер” (“Следы на воде”), “Карышкырлар” (“Волки”) жана анимациялык “Жетинчи асмандын жылдыздары” (“Звезды седьмого неба”) тасмалары коюлат.

23-майда болсо “Киндервилдеги көрүмчү” (“Киндервильское приведение”), “Масакра” жана “Рондо-Каприччозо” фильмдери коюлат.

Теги: Маданият, Кино

Яндекс.Метрика