Кыргызстанда бир сутка ичинде доллар 20 тыйынга кымбаттады

11:55 25.10.2016

Screenshot_1.png


Кыргызстанда бир сутка ичинде доллар 20 тыйынга кымбаттады. Бир жума бою доллар куну солгундагандан кийин, эми америкалык валюта позициясын бекемдеп баштады. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 68 сом 30 тыйындан сатып алышып, кайра 68 сом 40 тыйындан сатышууда.

Кыргызстанда доллар курсунун серпилүүсү эки айдан бери уланып келет. Бирок, Улуттук банк азыркы тапка чейин абалды жөнгө салууга кирише элек. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси 29-сентябрдан бери интервенция өткөргөн жок.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика