Кыргызстанда доллар 69 сомдук курска жакындады

11:03 10.08.2016


Кыргызстанда доллар 69 сомдук курска жакындады.

Учурда аны Бишкектин валюта алмаштыруу жайлары 68 сом 83 тыйынга сатып алышып, кайра 68 сом 98 тыйынга сатышууда. Айрым жерде доллар 69 сомго бааланууда.

Ушуну менен акыркы суткада америкалык валюта 30 тыйынга кымбаттады.

Анын ортосунда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов буга чейин президент менен жолугушууда валютанын серпилүүсүн көзөмөлдөп жатканын билдирген. Бирок доллардын кунун төмөндөтүү аракети акыркы жолу 28-июлда көрүлгөн. Анда Улуттук банк 14,5 миллион доллар саткан

Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика