Кыргызстанда доллар куну артка чегинди

15:02 14.07.2017

Кыргызстанда доллар куну артка чегинди. Бир жума ичинде америкалык валюта 40 тыйынга арзандады. Бүгүн аны Бишкектин акча алмаштыруу жайлары  69 сом 30 тыйындан сатып алып, кайра 69 сом 50 тыйынга өткөрүүдө.

Эки жума аралыгында доллар Кыргызстанда позициясын бекитип, дээрлик 1 сомго кымбаттаганынан, өткөн жумада Улуттук банк эки ирет валюта рыногуна чыгып, интервенция өткөрдү.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика