Кыргызстанда доллар курсу ишенимдүү түрдө төмөндөп жатат

12:01 21.07.2017

Кыргызстанда доллар курсу ишенимдүү түрдө төмөндөп жатат. Учурда америкалык валютаны Бишкектин акча алмаштыруу жайлары 68 сом 20 тыйынга сатып алып, кайра 68 сом 50 тыйынга өткөрүшүүдө. Муну менен 3 күндө эле доллар позициясын 40 тыйынга жоготту.

Эске салсак, ушул жумада анын арзандашы Улуттук банкты валюта рыногуна чыгууга аргасыз кылды. Бир айдагы үчүнчү интервенцияда дээрлик 14 миллион доллар сатылып алынды. Бирок, андан эч кандай майнап чыккан эмес.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика