Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

09:00 01.05.2018
04_730x0_730x0.730x0.jpg

Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-апрелде болжол менен саат 12:30 чамасында Ош облусунун аймагында жер титиреген.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Ачы-Суу, Жар-Башы айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика