Кыргызстанда күнүнө 50 киши жүрөк оорусунан улам каза болот

14:20 29.09.2017

Жүрөк кан тамыр оорулары адам өлүмүнүн жана майып болуп калуусунун эң негизги себептеринин бири. Мындай көрүнүн Кыргызстанда гана эмес бүткүн дүйнө боюнча катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нургул Ибраева билдирди.

"Кыргызстанда жылына жүрөк оорудан 18 миң адам өлөт, күнүнө 50 адам көз жумат. Адамдардын жүрөк кан тамыр оорусуна кабылуу себептеринин эң негизгилери кан басымдын жогоруулугу, чылым чегүү, жашылча жемиштерди жетиштүү колдонбогондук жана ашыкча салмак чогултуу болуп эсептелет",- деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстан калкынын 45 пайызы, тактап айтканда жашы 18ден жогору болгон ар бир экинчи жана үчүнчү жарандын кан басымы жогору. Ар бир үчүнчү адам чылым чегет жана ар бир төртүнчү адамдын канында липид жогору.

"Чоң кишилердин 80 пайызы физикалык жактан активдүү эмес. Иликтөө аныктагандай ар бир үчүнчү адам ашыкча салмак менен жабыркайт. Кыргызстанда жүрөк кан тамыр ооруларынан улам каза болгондордун көбү эмгек жашындагы адамдар. Алардын көбү социалдык жактан активдүү жашоо образын алып баргандар, интеллектуалдуулугу жогору адамдар",-дейт Ибраева.


Теги: Медицина, Окуялар

Яндекс.Метрика