Кыргызстанда мамлекеттик символдорду туура эмес өндүрүү үчүн айып салуу сунушталууда

13:00 25.01.2019
Screenshot_1.png

 Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкуулар үчүн “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамынын долбоору чыгарылган.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси ЖКтин депутат Салайдин Айдаров.

Анын негиздемесине көрсөтүлгөндөй, жүргүзүлгөн талдоолордун натыйжалары КРнын Бузуулар жөнүндө Кодексинде Мамлекеттик символдорду өндүрүүдө спецификациянын талаптарын сактабагандык жана ошондой эле карасанатайлык менен мөөрлөрдү зыянга учуратуу жана жулуп алуулар үчүн бузууларга беренелер каралбагандыгын көрсөттү.

КРнын Конституциясынын 11 –беренесине ылайык, “КР мамлекеттик символдор болгон –желекке, гербке жана гимнге ээ. Алардын баяндамасы жана расмий пайдалануунун тартиби мыйзам менен белгиленет”. “КРнын мамлекеттик символдору жөнүндө” №91 Мыйзамы 2004-жылдын 17 –июлунда , “ КРнын желегинин жана КРнын Мамлекеттик гербинин техникалык спецификациясын бекитүү жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн №205 токтому 2017-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган. КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18- октябрындагы № 680 токтому менен көзөмөлдүк кылуу функциялары жүктөлгөн орган аныкталган, бирок бул Кодексте бузууларга санкциялар каралган эмес.

Бир катар мамлекеттик органдардын (салык инспекциясынын, бажы кызматынын, отун –энергетикалык тармагынын, телекоммуникацияда ж.б.) функцияларына продукциялардын же приборлордун сакталышы үчүн пломбалоо киргизилген. Пломбаны карасанатайлык менен зыянга учуратуу же жулуп салуу продукциялардын же приборлорду жасалмалоого, алардын алмаштырылышына жана уурдап кетүүсүнө алып келет. Ушуга байланыштуу Бузуулар жөнүндө Кодекске жазалоо санкциясын киргизүү зарыл.

Аталган Кодекс 267-1 беренеси менен толуктоо сунушталат. 267-1 беренеси мамлекеттик символдорду даярдоонун эрежелеринин талаптарын сактабагандыгы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоонун эрежелеринин талаптарын сактабагандыгы 5 –категориядагы (жеке жактар үчүн 5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 28 миң сом) айып пул салууга алып келет.

Сунуш кылынган долбоордун ченемдери кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

Бул мыйзамынын долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

Тег: Жогорку Кенеш

Яндекс.Метрика