Кыргызстанда өз ордун таппай калган Тимур Ысыев, Германияда кадырлуу музыкант

15:12 17.02.2017

26512_w654_h402_resize.jpg


Советтер союзу ыдырап кеткенден кийин Кыргызстанда өз ордун жоготуп алган Тимур Ысыев учурда Германияда жашап, Дармштадт шаарындагы биг-бэндде эмгектенет. Өзүнүн жеке эстрада-жаз мектеби бар.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргызстанда жаз оркестрин ачуу максатында Маданият министрлигинин тапшырмасы менен Москвадагы Гнесиных академиясына окууга жиберилген. Качан гана мекенине кайтканда алган билими эч кимге кереги жок экенин түшүнөт. Анткени Советтер союзунун урашы дал ошол маалга туш келип калып, мамлекет жаз оркестрин түзмөк турсун, өз айласын таппай калган учур эле.

Бир канча жыл ары-бери урунган музыкант 2000-жылдардын башында германиялык кесиптештеринин чакыруусу менен ал жакка кетип калган.

—Тимур, учурда Германиянын кайсы жаагында жашап, эмне иш менен алек болуп жатасыз?

— Германияга келгениме 15 жылга чукулдап калды. Азыр 150 миңдей адам жашаган Дармштадт аттуу чакан шаарда турам. Өзүмдүн музыкалык мектебим бар. Андан тышкары, үч эстрада-жаз мектептеринде сабак берем.

—Мектебиңиз кимдер үчүн?

— Россиядан же КМШ өлкөлөрүнөн келип, бул жакта жашаган адамдардын балдары көп келишет. Алты жаштан 16 жашка чейинки балдарга үйлөмө аспаптар боюнча сабак берем. Германиянын шаарларында чет өлкөлүктөрдүн ар кандай коомчулуктары, диаспоралары көп. Алардын ар биринин маданий борборлору бар, өз алдынча чогулуп, чыгармачыл кечелерди өткөрүп турушат. Ошондуктан, балдарына музакалык билим берүүнү каалашат. Бирок мен бир эле Дармштадт шаарында окутпайм. Ата-энелер жуманын күндөрүн бөлүшүп алып, ар кайсы шаарларга чакырып турушат.


26513_w654_h402_resize.jpg


Мугалимдигиңиз негизги ишиңизге тоскоолдук жаратпайбы?

— Жо-ок, бардыгына убакыт табам. Азыр 18-мартта Нооруз майрамына арналган концертти өткөрүүгө даярданып жатабыз. Анткени март айында Европанын бир нече мамлекетине концерт коюуну пландап жаткан кыргыз ырчылары Германияга келишет экен.

—Кыргызстандан эмнеге кеттиңиз эле?

— Мектепти Советтер союзу учурунда аяктагам. Ошол кездеги Маданият министрлиги Кыргызстанда жаз оркестрин ачууну пландап, мени ошону түзүүчү болосуң деп Москвага Гнесиных академиясынын эстрада-жаз бөлүмүнө жиберишкен. Окуумду 1992-жылы бүтүп келсем, Советтер союзу ыдырап кетип, жаз оркестри менен эч кимдин иши жок болуп калыптыр. Албетте, бул нерсе мага абдан катуу тийди. Беш жылдык өмүрүмдү коротуп окуп келсем, "Сен ким элең?" деп койгон эч ким жок. Бирок ошол бойдон өзүмдү таштап койбой, 1995-жылдан баштап республикалык музыкалык сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып жүрдүм. Анткен менен ой-максаттарым Кыргызстанда ишке ашпай турганын түшүнүп, Европага кетүүгө аргасыз болдум.

—Акыркы жылдары Кыргызстанда аз болсо дагы жаз топтору пайда болду. Алар менен иштешип турасызбы?

— Албетте иштешем. Менин Германияда иштеп жүргөнүмдүн негизги максаты — Кыргызстанда жаз музыкасын өнүктүрүү. Кыргызстанды бул жаатта дүйнөлүк аренага алып чыгуу. Азыр Кыргызстанда Бакыт Кыдыкбаевдин "Salt Peanuts", Таалай Бейшеевдин "Аура" топтору мыкты иштеп жатат. Алардын "Жылкычы", "Тоодо" деген чыгармалары абдан күчтүү. Мен бул топторду көтөрүү, Европанын сахналарына алып чыгуу аракетиндемин. Бул жакта жылына эки жолу Эрик Мариенталь, Чик Кориа сыяктуу жаз лөктөрү катышкан профессионалдык концерт болот. Мен ага биздин "Аура" тобун катыштырууну көздөп жатам. Бирок ага биздикилер өзгөчөлөнүп келиши керек. Мисалы, чыгармаларына "Манастын" элементтерин, комуз күүсүн кошуп, менин талабым ушул. Ошондо гана биз эч нерсеге кебелбеген Европаны таң калтыра алабыз. 


26514_w654_h402_resize.jpg


—Кыргызстанга кайтып келүү оюңуз барбы?

— Албетте бар, бирок азыр эмес. Бул жакта жакшы иштер башталып калды. 10 жылдан ашык эмгегимдин үзүрүн эми көрө баштадым. Акыркы жылдары Европанын жаз дүйнөсүнүн эң кадырлуу өкүлдөрү менен аралаша баштадым. Германияда канчалык көбүрөөк иштесем, ошончолук өзүбүзгө жакшы. Топтогон "жүгүм" менен Кыргызстанга барсам сонун да.

—Канткен менен жаз музыкасы Кыргызстанда кеңири тарала элек. "Кыргызстанга барганда кадырыма жете алышпайт" деген коркунуч жокпу?

— Жок, жаз уникалдуу музыка, аны ар бир улуттун обондоруна айкалыштырса болот. Өзгөчө кыргыздыкына. Анткени кыргыз музыкасы Азиянын башка элдериникинен айрымаланып, диатоникалык ладда жатат. Бул шаңдуу музыка дегенди түшүндүрөт. Келечекте Кыргызстанда жаз өз ордун табарына ишенем. Буга мен бир аз да болсо салым кошоюн деп айтылуу жаз музыканттарынын партитураларын, бир оркестрге жете турган аспаптарды чогултуп жүрөм.


26515_w654_h402_resize.jpg


—Кыргызстанга бат-баттан келип турасызбы?

— Мурдараак жыл сайын барчумун. Акыркы 3-4 жылда иштер көбөйүп, бара албай жүрөм. Өткөндө өзүм окуган Мукаш Абдраев мектебинин 50 жылдык мааракесине чакырышкан. Бирок бул жакта сынакка катышып калып бара албай калдым.

—Германияда үй-бүлөңүз менен жашайсызбы?

— Уулум менен кызымды ала келгем. Экөө тең чоңоюп калышты. Кызымдын ырчылык өнөрү бар, профессионалдардан сабак алып жүрөт. Балам дагы чыгармачылыктан алыс эмес. Режиссерлук боюнча жогорку окуу жайга өтүүгө даярданып жатат.


Теги: Маданият, Музыка


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика