Кыргызстанда жер титирөө катталды

09:20 05.01.2018
Screenshot_4.png

   Кыргызстандын түштүгүндөгү Алай тоо кыркаларында түнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит жана Карамык айылдарында 2-2,5 баллга жеткен. Институттун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу КРдин аймагында болуп, аталган айылдардан 26-28-чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3,7 баллга жеткен. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Эске сала кетсек, 2018-жылы биринчи жер титирөө 4-январда катталып, Жалал-Абад жана Ош облустарында сезилген. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга, калк жайгашкан аймактарда 2-2,5 баллга жеткен.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика