Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жыйынга чогулат

09:05 15.11.2017
2017-11-15_12-35-15.png

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн өтө турган жыйынга президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышат.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, анда өлкөнү 2018-2040-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн «Таза коом. Жаңы доор» аттуу стратегиясынын долбоору талкууланат.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун быйыл апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү деп маалымдалган.

Тег: Экономика

Яндекс.Метрика