Кыргызстандык мигранттар Россияда акысыз медициналык жардам алышы күтүлөт

10:19 27.09.2017

Кыргызстандык мигранттар Россияда акысыз медициналык жардам алышы күтүлөт.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова билдирди.

Анын айтымында кеп, ЕАЭБге кирген өлкө-мүчөлөрүнүн жарандары жөнүндө болуп жатат.

Тиешелүү макулдашуу боюнча, алар толук медициналык камсыздандыруу полистерине ээ болот.

Бул укукту, ошондой эле, Россияга келген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү алат.


Теги: Медицина, ЕАЭб

Яндекс.Метрика