Кыргызстандык Муртазалиев джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында “алтын” утту

11:00 30.01.2018
20.730x0.jpg

Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев Монголияда өткөн Азия чемпионатында джиу-джитсу боюнча алтын медаль утту.

Турнир 27-28-январь күндөрү Улан-Батор шаарында өткөн.

Муртазалиев эркектер арасында 85 кг салмактык категория боюнча мелдешке чыккан.

Өзүнүн салмактык категориясында кыргызстандык спортчу биринчи орунду алып, алтын медаль утуп, 2018-жылдагы Азия чемпиону болду.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика