Кыргызстандык спортчулар пенчак силет боюнча дүйнө чемпионатында эки медаль утту

17:00 28.04.2018
Screenshot_11.png

 Пенчак силет боюнча Кыргызстандын курамасы Таиландда өткөн дүйнө чемпионатында 2 коло медаль утту. Бул туралуу КРнын аталган спорттун түрү боюнча федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын атынан өлкөнүн жергиликтүү мелдештеринде жеңишке жеткен 9 спортчу барган.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Джакартада (Индонезия) 18-августтан 2-сентябрь күндөрү өтө турган Азия оюндарына катышат.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика