Кыргызстандык студенттер Түркиядагы сынакта байге алышты

15:06 03.03.2018
Screenshot_9.png

 Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин беш студенти Түркияда өткөн сынакта байге алышты.

Жаш журналисттер арасында жыл сайын өтүүчү сынакка быйыл студенттер Кайратбек Азимбаев, Бегим Жолдубай кызы, Аяна Байтемирова, Касиет Кубанычбек кызы жана Илгиз-Шернияз Турсунбек уулу катышып, байгелүү болушту.

Алар "мыкты даректүү тасма", "кыска даректүү тасма", "сүрөт жана теле жаңылыктар" номинацияларында биринчи жана экинчи орунду ээлешти.

Кыргызстандык студенттерге кубок жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Жаш журналисттердин Түркиядагы эл аралык сынагы 29 жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жылы ага 67 университеттен 1087 студенттин 917 эмгеги каралды. Анын ичинден 102 студент байгеге ээ болду. 

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика