Кыргызстандык тургун Рамзан Кадыровго аргымак белек кылды

15:00 07.11.2017
8.png
Рамзан Кадыров тартууга келген аргымак менен.

Кыргыз жараны Болот Өмүралиев Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго аргымак белек кылды. Бул тууралуу Кадыров Инстаграмдагы баракчасына жазып, видеосун тиркеди.

- Мага Кыргызстандын жашоочусу Болот Өмүралиев абдан баалуу белек алып келди. Бул Кыргызстанда туулган “америка жоргосу” тукумундагы аргымак. Бул аргымак мен үчүн бардык таза кандуу же күлүк аргымактардан кымбат. Анткени аттын мойнунда Алла деген жазуу бар, - деди Кадыров.

Рамзан Кадыровдун бул тасмасын миңдеген интернет колдонуучулары көрдү. Анын Instagram баракчасына 3 миллиондон ашык колдонуучу жазылган.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика