Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдеште эки медаль тагынышты

14:36 21.01.2019
Screenshot_4.png

 Кыргызстандык спортчулар Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгелери үчүн өткөрүлгөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште эки медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Жарыш 19-январь күнү Усть-Каменогорск шаарында (Казакстан) өткөн. Ага Украина, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Түркия, Армения, Беларусь, Казакстандан 300 жөө күлүк катышкан.

Кыргызстандык спортчу Анна Буланова 60 метрге жарышууда күмүш жеңсе, 3 миң метрлик жарышта чуркаган Данияр Артыкбаев коло медаль тагынган.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика