Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Литва менен достук беттеш өткөрөт

13:08 01.02.2019
Screenshot_3.png

 Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Литванын командасы менен достук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Оюн 2020-жылдагы Азия биринчилигинин тандоо баскычына даярдык көрүүнүн алкагында өтөт.

Амиржан Мукановдун оюнчулары кечээ Пренай (Литва) шаарына учуп келип, эртең жана бүрсүгүнү оюн өткөрөт.

Андан мурдараак биздин курама "Строй Мир" командасы менен ойноп, 4:5 (2:2) эсебинде жеңилип калган.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика